• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР дзюдочулары “Хан Манас” эл аралык турниринде 1-орунду ээлешти

Спорт 0

Бишкек, 18.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте VIII эл аралык дзюдо боюнча “Хан Манас” турнири өткөрүлүп, кыргыз спортчулары жалпы командалык орундан биринчиликти багындырышты. Бул тууралуу КР дзюдо федерациясы билдирет.

Алардан кийин Казакстан (2-орун) менен Өзбекстан (3-орун) болгон.

Дзюдо боюнча турнирде Армения, Грузия, Индия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпысынан 364 спортчу (285-эркек, 79-аял) катышкан.

Таймаштын биринчи күнү эркектер жана аялдар арасында 7 жуп медаль ойнотулуп, КРдин атынан чыккан Сырга Садыбакасова, Бегай Бейшенаалы кызы, Кубанычбек Айбек уулу жана Баяман Сагынбай уулу биринчи орунду алышкан.

Экинчи күнү 9 жуп медаль ойнотулуп, анда 3 алтын медалды - Эрлан Шеров, Элмира Акишева жана Шахида Нармухамедова утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий