• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР элчиси Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун өкүлү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Кечээ, 13-сентябрда Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун (КАЭӨФ) Борбордук Азия жана Европа өлкөлөрү менен кызматташуу департаментинин директору Фаваз Аль-Адасани менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө фонддун делегациясынын Кыргызстанга ушул жылдын июль айында болгон сапарынын жыйынтыктары, анын ичинде 2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык бөлүмүн куруу жана жабдуу” тууралуу макулдашууну ишке ашыруу жана каржылоо боюнча талкуу болду.

Өз кезегинде Карагулов элчи катары Кыргызстандын аймагында долбоорлорду ишке ашырууда фондго ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Маалымат катары: КАЭӨФ тарабынан азыркы учурда төмөнкү долбоорлор ишке ашырылууда:

- Бишкек-Нарын-Торугарт автожолун реконструкциялоо, 272-365 км;

- “Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык бөлүмүн куруу жана жабдуу”;

- Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолун реконструкциялоо (Ысык-Көл айлампа жолу) 104-220 км;

- “Тамга-Каракол” 220 кВт жогорку чыңалуудагы линиясын куруунун Техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга.

Пикир

Оставить комментарий