• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР элчиси жана КЭР ТИМ башчысынын жардамчысы эки жактуу мамилелерди талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 19-май /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Азамат Үсөнов КЭР тышкы иштер министринин жардамчысы Ли Хуэйлай менен жолугушту.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай эки жактуу мамилелеринин абалын жана келечегин талкуулашты.

“Анын ичинде КР Президенти А.Атамбаев жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда 16-майда Пекинде өткөн сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларды мындан ары ишке ашыруу маселелери талкууланды”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий