• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Өкмөтү Мегаком кайрадан сатыкка коюларын азырынча чече элек – Зилалиев

Экономика 0

Бишкек, 17.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Өкмөтү “Альфа Телеком” ЖЧК (Megacom) кайрадан сатыкка коюларын азырынча чече элек. Бул тууралуу брифинг убагында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө Мегаком мурда кандай иштесе кайрадан эле ошол бойдон Кыргызстандын экономикасынын өсүшү үчүн иштей бермекчи.

“Ишкана кайрадан сатыкка коюлабы же жокбу азырынча чечиле элек. Бизде болгон маалыматтарды карап чыккан соң, планыбызды айтабыз”,-деди ал.

Зилалиевдин айтымына караганда, эгерде компанияны кайрадан сатыкка коюу чечими кабыл алынса, анын баасы төмөн түшпөйт.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын сентябрь айында Россиянын жараны Елена Нагорная “Альфа Телеком” ЖЧКны сатып алууга даяр экендигин билдирген.

Бирок, 2017-жылдын 15-сентябрында Кыргызстан расмий түрдө Елена Нагорная менен сүйлөшүүлөрдү токтоткон.

Маалым болгондой, сүйлөшүүлөр “тараптар сатык шарттары боюнча бир чечимге келе албагандыктан” токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий