• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Патрулдук милиция кызматкерлери дарыгерге чейинки жардам көрсөтө башташат

Коом 0

Бишкек, 17.11.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коому КР ИИМнин республика боюнча бардык патрулдук милиция кызматкерлерине дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтөт.

Кызыл жарым ай коомунун басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, аталган келишимге 2017-жылдын 15-ноябрында кол коюлган.

“Ноябрь-декабрь айларында өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек шаарынан патрулдук милиция кызматкерлери дарыгерге чейинки биринчи жардам көрсөтүү боюнча 8 сааттык тренингден өтүшөт. Машыктыруучулар кызматкерлерди 2 ай бою окутушат”,-деп айтылат маалыматта.

Башкы патрулдук милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, 2017-жыл ичинде 719 жол кырсыгы катталган.

Билдирүүгө айтылгандай, эки айлык окуунун соңунда патрулдук милиция кызматкерлери биринчи жардам көрсөтүү боюнча тест тапшырышат.

Пикир

Оставить комментарий