• 88.68
  • 95
  • 0.95

10 миң кыргызстандыкка 19 дарыгер туура келет — медиктер күнүнө карата статистика

Коом 0

Бишкек, 02.06.23./Кабар/. Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде республиканын медициналык уюмдарынын кызматкерлери Медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, 2022-жылы калкка медициналык жардамды 180 оорукана уюмдары, баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү 52уюм, эки медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар жана 1 067 фельдшердик-акушердик пункттар көрсөтүштү. Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 17 жалпы медициналык практика борбору иштеген, ал эми анын ичинде 151 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2022-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келген.

2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер болуп, терапевттик (4 миң адам) жана хирургиялык (2,1 миң) профиль боюнча, стоматологдор (тиш дарыгери) (1,1 миң), акушер-гинекологдор (1 миң) жана педиатрия профилиндеги дарыгерлер (900дөн ашык адам) болгон.

Пикир

Оставить комментарий