• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарыгерлердин эмгеги эсепсиз жана эбегейсиз! Министрдин куттуктоосу

Коом 0

Бишкек, 02.07.23./Кабар/. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Министрдин куттуктоосунун тексти:

Урматтуу кесиптештер!
Кадырлуу медицина кызматкерлери!

Улуттун саламаттыгы - өлкөнүн келечектүүлүгүн аныктайт. Демек, ар бир жарандын, ар бир үй-бүлөнүн саламаттыгынын чың болушу - сөзсүз түрдө өлкөнүн өнүгүүгө карай жол алышына шарт түзөт.

Өмүр сакчыларына жардамга келүүгө ар дайым даяр болуп, кесиптик милдеттерин жан үрөп аткарууга байланышкан татаал миссия жүктөлгөн. Бул миссия эбегейсиз чоң күчтү, энергияны, сезимталдыкты талап кылат.

Дарыгерлер мындай өтө зор жоопкерчиликти бийик коюп, чебер колдору, камкор, мээримдүү мамилеси аркылуу жакшылыктын булагы болуп, кээде чыныгы кереметтерди жаратышат.

Канчалаган адамдарга шоола чачкан алардын эмгеги эсепсиз жана эбегейсиз.

Адам өмүрүнөн жана ден соолугунан кымбат эч нерсе жок. Бул баалуулуктардын сакчылыгында турган жалгыз гана кесип ээлери - ал урматтуу дарыгерлер!

Өз өмүрүн медицинага арнагандардын баардыгына таазим этип, ыраазычылыгымды билдирем жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бардыгына эмгегиндеги жаратмандыкты, жетишкендиктерди жана үй-бүлөдөгү таалайлуу, байсалдуу өмүрдү каалайм. Ар дайым эл кызматында эсен-соо болунуздар!

Майрамыңыздар куттуу болсун!"

Пикир

Оставить комментарий