• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР менен Пакистан ортосундагы мейманкана бизнеси жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы мейманкана бизнеси жана туризм жаатындагы инвестиция маселелери талкууланды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ислам кызматташтык уюмуна (ИКУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Афганистан боюнча 17-кезексиз сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Пакистанга болгон иш сапарынын алкагында 2021-жылдын 18-декабрында Равалпинди шаарында КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Пакистандын мейманканалар ассоциациясынын төрагасынын орун басары Барристер Мансур Шах жана «G-Сommodities» компаниясынын директору Идрис Гиги менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандагы мейманкана бизнеси, кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү жана туризм контекстинде инвестициялык кызматташууну талкуулашты.

Министрдин орун басары А.Артыкбаев пакистандык бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнө Ысык-Көл облусундагы экологиялык таза шаар – «Асман» жаңы долбоору тууралуу маалымат берип, анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий