• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги батирден 73 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Бишкектеги батирден 73 жаштагы пенсионердин сөөгү табылды, - деп кабарлайт ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн саат 15:12лер чамасында 7-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батиринин эшиги бекилип, үйдүн жашоочусу байланышка чыкпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине беш куткаруучу тартылып, бекилип калган эшикти ачканда 73 жаштагы В.С., аттуу эркек кишинин сөөгүн көрүшкөн.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий