• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР менен РФнын эриш-аркак жылынын алкагында Россиянын маданият күндөрү кандай белгиленди?

Маданият 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги КР менен РФнын эриш-аркак жылынын алкагында Россиянын маданият күндөрү кандай белгиленгендиги тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жетектеген расмий делегация жана чыгармачылык топ Кыргызстанда 12-14- август күндөрү маданият күндөрүн өткөрдү.

12-август. Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилованы аба майдандан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жана Россиянын КРдагы элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко тосуп алды.

Россиянын маданият күндөрү алгач Кайрат Иманалиев жана Ольга Ярилованын катышуусу менен ЖМК өкүлдөрүнө эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтык тууралуу маалымат берүү менен башталды.

Тараптар учурдагы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий кызматташтыктын ийгиликтери жана алдыга коюлуп жаткан пландар менен бөлүштү.

Андан соң Россия Федерациясынын субъектеринин катышуусу менен болгон көргөзмө ачылды.

13-август. Россиянын маданият күндөрү А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында уланды. Анда Россиянын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова жана расмий делегация кыргыз боз үйүнөн даам сызып, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү менен таанышты.

Андан соң Өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын маданият боюнча жумушчу тобунун үчүнчү отуруму жана Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференция өттү.

Жумушчу топтун жыйынын Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Россия Федерациясынын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова алып барышты.

Отурумда эки мамлекеттин ири маданият жана искусство мекемелеринин жетекчилеринин катышуусу менен кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын жабылыш аземин өткөрүү, китепкана жана музей жаатында кызматташуу, аймактар аралык өз ара аракеттенүү, ошондой эле искусство боюнча кесипкөй кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Ал эми Россия менен Кыргызстандын маданий биримдигине арналган конференцияны КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманованын жетекчилиги менен уланды. Анда Россия менен Кыргызстан тараптан катышып жаткан маданият мекемелеринин жетекчилеринин пикир алышуусу жана келечекте жасала турган кадамдар талкууланды.

Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри жана Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары биргелешкен протоколго кол коюшту.

Маданият күндөрү Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм музейинде Россиянын руханий-маданий мурасына жана улуу акын Низаминин 880 жылдыгына арналган көргөзмө менен уланды. Ал 2021-жылдын 1-сентябрына чейин өтөт.

Ошондой эле бул күнү, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Санкт-Петербург метрополитинин дин кызматкерлеринин хорунун концерти өтүп, XX кылымдагы мыкты чыгармалар жаңырды. Ушул эле концерт 14-август күнү Кант шаарындагы Андашбек Тойтоев атындагы маданият сарайында өтүп, Россиянын маданият күндөрү ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Эске салсак, Кыргызстанда өтүп жаткан Россиянын маданият күндөрүнө Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары О.С. Ярилова менен бирге,

- Дагестан Республикасынын маданият министри - З.А. Бутаева;

- Ханты -Мансийсктин Югра районунун маданият департаментинин директору - А.А. Латыпов;

- Башкортостан Республикасынын маданият министри - А.И.Шафикова;

- Коми Республикасынын маданият, туризм жана архив иштери министри - М.А.Балмастова;

- Россия Мамлекеттик китепканасынын башкы директору – В.В. Дуда;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун башкы директору - Е.В.Филатов;

- Орус театр искусство институтунун (ГИТИС) жалпы иштер боюнча проректору - М.Г. Кирюшкина;

- Орто кесиптик жана кесипке чейинки билим берүү боюнча проректор, Гнесин атындагы музыкалык окуу жайынын директору - В.А.Гроховский;

- Орус кинофестивалынын башкы продюссери - И.В.Хомский;

- Россиянын Маданият министрлигинин Музей жана тышкы байланыштар департаментинин директорунун орун басары - А.А.Кузнецов;

- Россиянын Маданият министрлигинин Музей жана тышкы байланыштар департаментинин КМШ, ЕАЭБ жана эл аралык уюмдар бөлүмүнүн башчысы - М.С.Сергиенко;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун маркетинг жана стратегиялык өнүктүрүү боюнча директору - Н.А.Степанова;

- Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун биофильмография жана эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу - О. Н. Деревянкина;

- Чыгыш элдеринин мамлекеттик искусство музейинин башкы директору - А.В.Седов;

- Орус этнографиялык музейинин директору - Ю.А. Купина;

- «Виртуальный Русский музей» мамлекеттик орус музейинин кызматынын жетекчиси - М.Ю.Гладких;

- Бүткүл россиялык декоративдик-колдонмо жана элдик чыгармачылык музейинин директору - Е.В. Титова;

- М.И.Рудомино атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик чет элдик адабият китепканасынын башкы директорунун орун басары - М.Х.Паласио;

- И. Кобзондун маданий фондунун директору - А. В. Собяниндер жана Зарни Ёл, Домино, Йатаган, Колесо жана Чылтыс Таннагашева катышкан фольклордук топтор да келишти.

Пикир

Оставить комментарий