• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаев шайлоо таза өтөрүнө ишендирип, элди добуштарын сатпоого чакырды

Президент 0

Бишкек, 30.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев элди добуштарын сатпоого чакырды. Бишкек ЖЭБди модернизациялоонун аякташы боюнча иш чарада сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчысы шайлоодо административдик ресурс колдонуларын көптөр айтып жатышканын билдирди.

“Административдик эмес, каржылык ресурстан коркуу керек. Себеби мектеп директору же ЖЭБ директору үгүт кылса да, алар кабинага шайлоочу менен бирге киришпейт. Шайлоочу менен анын каржы ресурсу кирет. Бул акчаны дал ошол административдик ресурс тууралуу кыйкырып жүргөндөр беришет”, - деди ал.

Кыргызстандын президенти элди добуштарын сатпоого чакырды.

“Шайлоо таза өтөт. Анын жыйынтыктарын эч ким жасап койбойт. Кимге добуш беришсе, ошол өтөт. Калк али даяр эмес деп айтышканына карабастан, мен ар ким өз жетекчисин жана парламент шайлашы керек деп эсептейм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий