• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Соода-өнөр жай палатасы жана Түрк-Араб кызматташтык уюму келишим түздү. Максаты

Коом 0

Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Түрк-Араб кызматташтык уюму келишим түздү. Документке КР СӨПтүн президенти Темир Сариев менен аталган уюмдун жетекчиси Бассам Алганем кол койду.

КР Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, бул келишим Кыргызстан менен Түркия-араб өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы перспективаларды ачат.

"Бул демилгенин негизги учурларынын бири келерки жылы Бишкекте чоң бизнес-форум өткөрүү болуп саналат. Бул форум бир гана Кыргызстандын эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ишкерлери жана ишкер чөйрөлөрү ортосунда активдүү тажрыйба жана идея алмашуу үчүн аянтча болот. Бул кызматташуу кызматташуу Кыргызстан менен региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы экономикалык байланышты күчөтүп, соода, инвестиция жана өз ара аракеттенүүнүн башка түрлөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Кыргызстандын бизнеси жана экономикасы үчүн эң сонун жаңылык жана бул кызматташтык бардык тараптар үчүн олуттуу пайда алып келет деп күтсөк болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий