• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Астанада Түрк мамлекеттер уюмунун X саммити өтүүдө

Саясат 0


Бишкек, 03.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезектеги онунчу жыйынына катышуу үчүн Астана шаарындагы (Казакстан) "Акорда" президенттик сарайына келди.

Президенттик сарайда иш-чарага келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды.

Саламдашуу аземи жана чогуу сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкөнүн лидерлери жыйындар залына өтүштү.

Уюмдун мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусунун темасы «TURKTIME» (Traditions – каада-салттар, Unification – биригүү, Reforms – реформалар, Knowledge – илим, Trust – ишеним, Investments – инвестициялар жана Mutual Energy – өз ара энергия) болуп саналат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө - Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары катышууда.

Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы саммиттин ишине ТМУга байкоочу макамы бар өлкөлөр катары катышууда.

Саммиттин алкагында өлкө лидерлери уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашат, көп тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын камтыган Астана актысын жана саммиттин жыйынтыктоочу Декларациясын кабыл алышат.

Пикир

Оставить комментарий