• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Султанбаев жана Беларустун айыл чарба министри кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргыстандын Беларусь Республикасындагы элчиси Эрбол Султанбаев менен аталган өлкөнүн айыл чарба жана тамак-аш министри Сергей Бартоштун жолугушуусу болуп өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда тараптар эки өлкөнүн айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңири талкуулашты.

Кыргызстандын элчиси Беларустун рыногуна Кыргызстанда өндүрүлгөн эрте жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди, ошондой эле кургатылган жемиштерди жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстанда кайра иштетүү өнөр жайын уюштуруу, үрөнчүлүк, Беларустан асыл тукум малдарды жеткирүү боюнча тыгыз кызматташууну өнүктүрүүнү сунушталды.

Өз кезегинде Беларустун айыл чарба жана азык-түлүк министри талкууланган маселелер боюнча Кыргызстан менен өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Андан тышкары, ал айыл чарба тармагынын актуалдуу багыттары боюнча адистерди окутууда кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий