• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн район акимдери жолукту. Жетишилген макулдашуулар

Аймак 0

Бишкек, 01.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховаддин Баходурзода жетектеген тийиштүү делегациялардын кезектеги жолугушуусу болду.

"Кабар" агенттигине райондук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хочаи-Аъло айылына чектешкен Төрт-Көчө жерлигинде өткөн.

Жолугушууда бир нече көйгөйлүү маселелер ортого салынып, төмөнкүлөр боюнча макулдашууга жетишилди:

  • эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы тынчтыкты, укуктук тартипти сактоо;
  • сугат суу талаш көйгөйү жаралбашы үчүн алдын ала макулдашуу;
  • жаз алды менен арыктарды тазалоо иштерин жүргүзүү;
  • макулдашылбаган аймактарда эки тараптуу курулуш иштерин жүргүзбөө;
  • чагымчылдык аракеттердин алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү;
  • эки элди түрдүү чагымчыл чакырыктарга алдырбоо, тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Райондук администрациядан кошумчалашкандай, учурда Баткен районунун чек ара аймагында коомдук саясий абал тынч.

Пикир

Оставить комментарий