• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы: Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВтс электр энергиясын импорттойт

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызстан Казакстандан 900 млн кВт саат электр энергиясын импорттойт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Ал белгилегендей, бул тууралуу сүйлөшүүлөр 2-3-мартта КР презденти Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген.

Казакбаев кошумчалагандай, келишимге ылайык Кыргызстан электр энергиясын жакынкы 2-3 аралыгында бөлүп кайтарат.

Ошондой эле ТИМ башчысы белгилегендей, тараптар вегетация мезгилинде Кыргызстан тараптын Казакстанга сугат суусун берүүсү боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий