• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысы Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 24.11.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Эфендиева менен жолугушту.

КР ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу бүгүн Баку шаарында өткөн.

Жыйындын жүрүшүндө министр фонддун кыргыз элинин маданиятын жана мурастарын жайылтуу боюнча активдүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

Атап айтканда, белгилүү азербайжан акыны Адил Жамилдин, ошондой эле кыргыз манасчысы Рысбай Исаковдун Сагымбай Орозбаковдун редакциясындагы “Манас” эпосуна арналган китептерин басып чыгаруу боюнча фонддун аракеттери белгиленген.

Фонддун 2018-жылы 90 жылдык, быйыл 95 жылдык мааракелерин белгилөөнүн алкагында кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мурасын жайылтуудагы иши да жогору бааланды.

Эфендиева өз кезегинде фондду жетектеп турганда көрсөткөн колдоо жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз маданиятын жана мурасын жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча фонддун ишмердүүлүгүнө кыскача токтолду.

Фонд тарабынан уюштурулган көптөгөн маданий иш-чараларда кыргыз адабияты, эпикалык мурасы, искусствосу кеңири чагылдырылганы айтылды.

Жыйындын соңунда Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан Гүнай Эфендиевага кыргыз маданиятын жана мурасын түрк дүйнөсүндө жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргызстандын Ардак грамотасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий