• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМ башчысына Кытай Дипакадемиясынын Ардактуу профессору наамы ыйгарылды

Саясат 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. Кыргызстан менен КЭРдин ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө кошкон салымы үчүн КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге КЭР ТИМ Дипломатиялык академиясынын Ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Бул тууралуу КР ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, тапшыруу Э.Адбылдаевдин расмий сапары учурунда 5-майда Кытайда өттү.

Анын алдында Э.Абдылдаев КЭР ТИМ Дипломатиялык академиясынын Партиялык комитетинин Катчысы Ци Даюй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө КР ТИМ Дипломатиялык академиясы менен КЭр ортосундагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, дипломатиялык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо, эл аралык мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөрдү өткөрүү, академиянын окутуучулары жана угуучулары менен алмашуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Пекинде Э.Абдылдаевдин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу өттү.

Пикир

Оставить комментарий