• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанды Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу зарыл

Өкмөт 0

Бишкек, 6-май /Кабар/. Биздин негизги милдетибиздин бири – өлкөнү Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу. Бул тууралуу бугун, 6-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова «Issyk-Kul International Tourism Fair-Exhibition-2017» Эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкенин ачылышында билдирди.

«Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, Өкмөттүн алдындагы негизги тапшырмалардын бири – ажайып тоолуу Кыргызстанды Борбор Азияда аймактык туризмдин борборуна айландыруу»,-деди Чолпон Султанбекова.

Вице-премьер-министр бул максатка жетүү үчүн Өкмөт тарабынан туризм тармагына чет элдик инвесторлорду тартуу, маркетинг тармагындагы иш чараларды өткөрүү, фестивалдарды, жармаңкелерди уюштуруу жана өлкөдө туруктуулукту сактап, республикага келген ар бир туристтин коопсуздугун камсыз кылуу чаралары каралгандыгын билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2016-жылы туризм тармагындагы инвестициянын негизги капиталы 15 млрд сомду түзгөн. Туризмдеги жеке соода айлантуунун көлөмү 19 млрд сомго жетти. Туристтерден түшкөн киреше 400 млн АКШ долларынан ашты. Жыл сайын туристтердин агымы артып, 2016-жылы Кыргызстанга 4 млн турист келген.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова «Issyk-Kul ITF 2017» Эл аралык көргөзмө-жармаңкеси Кыргызстандын аймагындагы бардык туристтик сектордун катышуучуларын бириктирген негизги аянтча болуп саналарын баса белгиледи.

«Негизги максат Кыргызстанда ден-соолугун чыңдап, эс алып кетиши үчүн чет элден келген туристтердин санын арттырып, туристтик секторлор менен атамекендик ден-соолукту чыңдоочу мекемелер арасында келишимдерди түзүү болуп саналат. Аталган иш чара өлкөлөр аралык байланышты бекемдөө жана туризм тармагында киреше булактарын арттырууга багытталган»,-деди Чолпон Султанбекова.

Туристтик жармаңкеге катышуу үчүн Кыргызстандын 200дөн ашык курорт, пансионат, отелдер жана туроператорлор, анын ичинде түрдүү багыттагы бизнес компаниялары чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий