• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР ТИМи COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында каражаттарды тартуу боюнча ырааттуу иштөөнү улантат - Айдарбеков

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги тарабынан өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды турукташтырууга саясий дипломатиялык көмөк көрсөтүүнүн алкагында гранттарды, насыяларды, гуманитардык жардамдарды тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

“Биз Россия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары, Германия, Европа Биримдиги, БУУ жана башка өнөктөштөр, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралары, КР Ардактуу консулдары тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалайбыз жана берилген гуманитардык жардамдар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз”, - деп кошумчалады ал.

Айдарбеков баса белгилегендей, Тышкы иштер министрлиги COVID-19 менен күрөшүүнүн алкагында каражаттарды тартуу боюнча системалуу жана ырааттуу иштөөнү улантат.

Пикир

Оставить комментарий