• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР УИАда “Бөрүбаев окуулары” II конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 01.03.18 /Кабар/. Бүгүн, 1-мартта Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында КР УИАнын 75-жылдыгына арналган “Бөрүбаев окуулары” II Эл аралык илимий конференциясы өттү. Конференциянын негизги максаты – учурдагы математика илиминин абалын, андагы заманбап проблемаларды изилдөөгө багытталып, бул илимге жаштарды тартуу маселесине арналды. Бул тууралуу КР УИАнын басма сөзь кызматы билдирди.

Иш-чарада КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев өлкөнү санариптештирүү учурунда математика илиминин орду чоң экендигин белгилеп: “КР УИАсы алгач СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалы болуп 1943-жылы Ата мекендик согуш кайнап турган учурда ачылган экен. Андан бери 75 жылдын жүзү болуптур. Ага карата КР УИАда бир топ иш-чаралар өткөрүлгөнү турат. Ошол 75 жылдыктын алкагында биринчилерден болуп “Бөрүбаев окуулары” конференциясы уюштурулууда. Бир кездеги Кыргызстандагы математика илиминин өнүгүшү КР УИАнын түптөлүүсүнө салымын кошкон. Ошондой эле ал Кыргызстан менен КМШдан сырткары дүйнө жүзүнөн өз ордун тапканга жетишти. КР УИАнын өткөн жылы кабыл алынган приоритеттүү багыттарында дагы маалыматтык технология жана математикалык моделдештирүү багыты биринчи сапта турат”, - деп конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап кетти.

Ошондой эле “Бөрүбаев окуулары” II конференциясынын илимий багыттары - дифференциалдык жана интегралдык теңдемелер, функционалдык анализ, топология жана геометрия тармагындагы заманбап проблемаларды изилдөө методдорун жана татаал системаларды оптимизациялоо методун өнүктүрүү, илимий мекемелер менен Кыргызстандын ЖОЖдору арасындагы илимий байланыштарды кеңейтүү болду.

Физика-математика илимдеринин доктору, профессор Самандар Искандаров “Жаштардын илимден алыстап кетишинин ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептери бар экендигин айтып: “Бүгүнкү өтүп жаткан “Бөрүбаев окуулары” II конференциясы илимден четтеп кеткен жаштарга жол көрсөтүп, Алтай Асылканович Бөрүбаевдин эмгектери жаш окумуштууларга үлгү болот деп эсептейм. Азыркы математика илиминин абалын чагылдыруу иш-чаранын негизги максаты болууда. Ал эми ага ЖОЖдордун окутуучулары жана математик окумуштуулар катышып жаткандыктан, алар тажрыйба жана идеяларын бири-бири менен алмашууга мүмкүнчүлүк алышат”, - деди.

Эл аралык илимий конференцияны КР УИАнын Математика институту, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана Кыргыз математика коомчулугу уюштуруп, жыйынга математика илиминин окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, жаш окумуштуулар жана студенттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий