• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР УКМК Санкт-Петербургдагы жарылууга байланыштуу Россиянын атайын кызматтары менен кызматташууда

Коом 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Санкт-Петербургдун метрополитениндеги жарылууга байланыштуу Россиядагы кесиптештери менен кызматташууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК Россиянын атайын кызматтары менен үзгүлтүксүз байланышта болууда.

Муну менен катар УКМКдан россиялык ЖМКлардын “Шейшемби, 4-апрелде КРнын атайын кызматтары 22 жаштагы Акбаржон Жалиловду петербург метросундагы теракты аткаруусу мүмкүндүгүн билдирди” деген билдирүүсүнө комментрий берди. Бул тууралуу РКБ басылмасы жазып чыккан.

“Алгач биз жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу расмий түрдө РФнын атайын кызматтары тарабынан суралып жаткан жаран чындыгында эле Кыргызстанда туулгандыгын, бирок РФ жараны экенин билдиргенбиз. Биз ал адамдын атын атап, сүрөтүн берген эмеспиз, анын үстүнө алын петербург метросундагы жарылууну мүмкүн экени тууралуу айткан эмеспиз”,-деп түшүндүрдү УКМКдан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Россиянын атайын кызматтары алардын маалыматы боюнча теракты аткарышы мүмкүн болгон адам тууралуу суроо жөнөтүшкөнүн белгиледи.

Муну менен катар УКМК Ошто Акбаржон Жалиловдун үй-бүлө мүчөлөрү суракка алынганын билдирди.

“Үй-бүлө ыкчам-издөө иш-чарасынын алкагында суракка алынды”,-деп кошумчалады КРнын атайын кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий