• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана БАЭнин ТИМ башчыларынын орун басарлары кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров жана Бириккен араб эмираттарынын тышкы иштер жана экономикалык, соода иштери боюнча эл аралык кызматташтыгынын министринин орун басары Мохаммед Шараф жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу байланыштын өскөн динамикасын канааттануу менен белгилешти. Министрдин орун басары эмират тарапка экинчи жана үчүнчү Көчмөндөр оюндарына активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу учурунда тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу көйгөйлөрүн, экономикалык жана соода тармактарындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык механизмдерди колдонуу керектиги, анын ичинде жакында экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-эмираттык өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүү керектиги тууралуу айтылды.

Пикир

Оставить комментарий