• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана Хорватия ТИМ башчылары жолугуп, жетишилген келишүүлөрдүн ишке ашуусун талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана европа иштери боюнча министри Гордан Грлич Радман менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул эки өлкөнүн министрлеринин 2021-жылдагы экинчи жолугушуусу. Тараптар биринчи жолугушууда жетишилген келишүүлөрдүн ишке ашырылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Министр Казакбаев хорват тарабына Кыргызстанга COVID-19га каршы 20 миң вакцинасын эки тараптуу негизде берүү чечими үчүн ыраазычылык билдирди жана КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аларды алуу үчүн тиешелүү маселелердин үстүндө иштеп жаткандыгын маалымдады.

Өз кезегинде министр Радман буга чейин кыргыз тарап сунуштаган ар кайсы тармактарда кызматташуу жөнүндө келишимдердин долбоорлору учурда Хорватиянын мамлекеттик органдары тарабынан каралып жаткандыгын белгиледи.

Р.Казакбаев ошондой эле Хорватиянын жогорку деңгээлдеги делегациясын Европа Биримдиги-Борбордук Aзия биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Өз кезегинде, министр Радман 2021-жылы декабрда эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 25 жылдыгын белгилеп, Хорватиянын делегациясынын бул форумга катышуусун Кыргызстанга эки тараптуу визитти ишке ашыруу менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Тараптар аймактык коопсуздук маселелерин өзүнчө талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий