• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз тилин үйрөтүү максатында “Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!” долбоору башталды

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик тилди – кыргыз тилин үйрөтүү максатында “Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!” долбоору башталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Аида Ишеналиева билдирди.

Анын айтымында, долбоор эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына арналган.

undefined

“Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” концепциясын жүзөгө ашыруунун алкагында, ошондой эле жаштар, коомчулуктун көз карашын жакшы нукка буруу максатында “Биз сүйлөйбүз, сиз сүйлөңүз!” долбоорун баштадык. Буга чейин Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, КТРКнын жетекчилиги, “СОКРАТ мектеби” оратордук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Ирина Тарасова менен биргеликте аталган долбоор ишке ашып келген. Биз аны кайра жандандырып жатабыз”, - дейт ал.

Ишеналиева долбоорго мамлекеттик тилди – кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган Кыргызстандын бардык жарандары катыша аларын айтат.

“Долбоордун башкы максаты – мамлекеттик тилди өнүктүрүү. Бул демилге өлкөбүздүн ар бир жаранын кайдыгер калтырбайт, мекенчилдик сезимин ойготот деген ойдобуз. Катышуучулардын жашына, тил билүү деңгээлине, улутуна сыяктуу эч кандай чектөө коюлбайт. Окуу улуттук комиссиянын фейсбуктагы баракчасынан көрсөтүлүп турат. Кыргыз тилин жеңил үйрөнөм дегендерди күтөбүз”, - деп айтат ал.

“Кыргыз тилин окутуу борборунун” директору Айнура Исманкулова коомго белгилүү инсандардын катышуусунда ролик тартылганын белгиледи.

“Роликтер үй-бүлө, көчөдөгү кыргыз тилиндеги сүйлөшүүлөр боюнча тартылууда. Эгерде сунуштар болсо, анда долбоорго кошууга даярбыз”, - деп маалымдады Исманкулова.

Пикир

Оставить комментарий