• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР делегациясы Ташкентте ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин 30-жыйынына катышты

Саясат 0

Ташкент, 31-март /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын УКМКнын төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков жетектеген делегациясы кечээ Ташкентте ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин 30-жыйынына катышты.

Катышуучулар ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин 2016-жылдагы ишмердиги боюнча баяндаманы макулдашышты. Ошондой эле, 2016-жылы ШКУ мүчө-мамлекеттеринин терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүүдө кызматташуу боюнча 2016-2018-жылдарга карата Программасын жана буга чейин кабыл алынган чечимдерди аткаруунун жүрүшүн карап чыгышты.

ШКУ мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын терроризмге каршы “Кызматташуу-2016” биргелешкен окууларын Тажикстанда өткөрүү жыйынтыктарына жогорку баа берилди.

ШКУ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ШКУ Конвенциясынын долбоорун жактырышты.

Тараптар 2017-жылы терроризмге каршы биргелешкен окууларды, уюмдун өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын чек ара операцияларын жана эл аралык терроризм жана экстремизмге каршы аракеттешүү тармагында кызматташуу боюнча ШКУ мүчө-мамлекеттери менен ШКУга байкоочу-мамлекеттердин ортосунда 5-илимий-практикалык конференцияны өткөрүү чечимин кабыл алышты.

ШКУ өлкөлөрү экстремисттик багыттагы диний агымдардын деструктивдүү ишмердигинен чыккан кооптонууларга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча компетенттүү органдардын биргелешкен чараларын макулдашышты.

Жыйындын катышуучулары ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин Аткаруу комитетинин өткөн мезгилдеги ишмердигин оң баалашты.

Кеңеш ошондо эле, аталган Аткаруу комитетинин уюштуруу-кадрдык, ишмердигин камсыздоо жана ШКУ өлкөлөрүнүн терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөшүндө кызматташуунун укуктук базасын түзүү маселелери боюнча бир катар чечимдерди кабыл алышты.

ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин ишмердигин өнүктүрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ШКУ мүчө-мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жана ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн Кеңешинин Аткаруу комитетинин бир катар кызматкерлери сыйланды.

ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин кезектеги жыйынын 2017-жылы сентябрда КЭРдин аймагында өткөрүү макулдашылды.

Жыйынга Казакстан, Кытая, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана ШКУ Аймактык терроризмге каршы түзүмүнүн кеңешинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий