• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жарандыгына 976 адам кошулуп, 929 адам жарандыктан чыгарылды

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 5 Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Үч Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандыгына 976 адам кабыл алынат (анын ичинен 821 — чоң адамдар жана 155 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Эки Жарлыкка ылайык, 929 адам (анын ичинен 722 — чоң адамдар жана 207 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 1905 адам кайрылышкан (1543 — чоң адамдар жана 362 — балдар).

Пикир

Оставить комментарий