• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРдагы долбоорго Швейцария кызыл крести 2 млн франк бөлдү

Коом 0

Бишкек, 16.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандагы Кызыл жарым ай долбоорлорун колдоо үчүн Швейцария Кызыл Крести 2 млн 26.5 миң швейцария франкын бөлдү. Бул тууралуу КР Кызыл жарым ай басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Бишкекте Швейцария Кызыл Крести (ШКК) жана Улуттук кызыл жарым ай коому уюмдардын ортосунда кызматташууну бекемдөө келишимине кол коюшту.

КР УКЖАК башкы директору Рустам Алеев ШКК Кыргызстан кызы жарым ай коомунун өлкөнүн гуманитардык жана соицалдык маселелерди чечүүдөгү ири өнөктөшү экенин белгиледи.

“Биздин кызматташтыктын алкагында көмөк көрсөтүлгөндөрдүн атынан Швейцария Кызыл Крестине ыраазычылык билдиребиз. Биз туруктуу өнөктөштүк үчүн кубанычтабыз”. Алдыда көптөгөн ийгиликтер күтүп турганына ишеничтебиз, - деди Алеев.

Пикир

Оставить комментарий