• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КРдагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык келишимдерди сактоо керек — Дүйнөлүк банк

Экономика 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн бардык келишимдерди сактоо керек. Бул тууралуу журналисттер менен болгон жолугушууда Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган келишимдер бузулган кезде бул башка инвесторлор үчүн белги болушу мүмкүн.

«Башкалар инвестиция салуудан мурда эки же үч ирет ойлонушат», - деп, учурда инвесторлор үчүн күрөш жүрүп жаткандыгын жана кепилдик бере турган оюндун шарттарын иштеп чыгуу маанилүү экендигин кошумчалады.

«Биз Кыргызстандын президенти менен жолуккан кезде ал негизги басым инвестицияга жасала тургандыгын айтты. Биз бул үчүн туруктуу укуктук аянтчаны көргүбүз келет», - деди Бурунчук.

Пикир

Оставить комментарий