• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«КРдагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков „Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 22-январында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасында товар биржалардын жана биржа соодасынын иштеринде келип чыгуучу мамилерди укуктук жөнгө салууну жакшыртуу максатында аталган Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII «Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө» Мыйзамына айрым өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий