• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кримчөйрөдө "Точка" каймана ат менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Токмок шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, жанынан “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча жана октор табылып алынды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББдүн Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарынын жашоочусунун бири мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат алышкан.

Аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн бир катар ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, анын өздүгү аныкталган.

2021-жылдын 4-февралында Чүй облусунун ИИББдүн КМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок шаарынын ИИБдүн Криминалдык милиция кызматы жана ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин катышуусунда Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармашкан.

Кароо жүргүзүү маалында жанынан номуру өчүрүлгөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак алынган.

Кармалган жаран мурда бир нече жолу соттолуп, "Точка" каймана атыккан кримчөйрөдө "смотрящий" жана "положенец" статусуна ээ болуп, ИИМдин ыкчам алдын алуу боюнча каттосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган.

"Белгилей кетсек, кармалган жаран буга чейин тоноо, уурдоо, опуза талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон", - деп кошумчалашты милициядан.

Учурда Токмок шаарынын ИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий