• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Ниязалиев Катардын кайрымдуулук иштери боюнча кызматынын башкы менеджери менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 11.02.19. /Кабар/. 2019-жылдын 10-февралында Кыргызстандын Дохадагы элчиси Нуран Ниязалиев Катардын кайрымдуулук иштери боюнча кызматынын башкы менеджери Ибрагим бин Абдулла Аль-Дехайми менен жолугушуу ѳткѳрдү.

КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу президент жарыялаган 2019-жыл «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» алкагында социалдык-экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу максатында жүргүзүлгөн.

"Сүйлѳшүү учурунда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан социалдык жана экономикалык долбоорлор талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Региондорду ѳнүктүрүү жылынын алкагында өлкөнүн алыскы аймактарында ар кыл социалдык мекемелерин куруу жана жергиликтүү калкка жардам берүү багытында биргелешкен иш-аракеттерди улантууну сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча тыгыз өз ара координациялоо, ошондой эле мурда аткарылган долбоорлорго баа берүү жана учурдагы иштелип жаткандарга мониторинг жүргүзүү, келечекте чогуу иштөө планын түзүү жана таанышуу иш сапарларын уюштуруу макулдашылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий