• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын Гуанчжоудогу консулу инвестициялык-логистикалык компаниянын директору менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. 2022-жылдын 24-январында Кытайдын Гуанчжоу шаарында Кыргызстандын башкы консулу Хомени Эргешовдун «Даханьюнь» инвестициялык-логистикалык компаниясынын башкы директору Хуан Гуоцинь менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар логистика, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу, туризмди өнүктүрүү, тоо-кен жана энергетика тармагында өз ара пайдалуу кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Башкы консул Х.Эргешов маектешин Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары жана инвестициялык климаты менен тааныштырды. Дипломат Кыргыз Республикасы географиялык жайгашуусунан улам Азия менен Европанын ортосундагы транзиттик потенциалы толук ачыла элек экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу логистикалык компанияга Кыргызстандын транзиттик потенциалын эки мамлекеттин жана элдин жыргалчылыгы үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде, Хуан Гуоцинь кыргыз тарап менен кызматташууга кызыкдар экенин жана жакынкы келечекте өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу үчүн адистерди Кыргызстанга жөнөтөрүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара пайдалуу кызматташуу маселелерин практикалык ишке ашыруу багытында жигердүү иштөө тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий