• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 11.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн мамлекеттик болжолдоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 1-мартында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын негизги багыттарын Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн мамлекеттик стратегиялык программаларына жана социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн орточо мөөнөттүү болжолуна ылайык тармактык (сектордук) стратегиялардын/программалардын негизинде алдыдагы орточо мөөнөттүү мезгилге иштеп чыгуу болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий