• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карнадысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жатан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду аныктайт.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 94-99- беренелеринин жоболорун реализациялоо максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий