• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КСДП фракциясы «Чыңгыз Айтматов» орденин уюштурууну демилгелөөдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.01.18 /Кабар/. КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары Кыргыз адабиятын, киноматография жана кыргыз искусствосун дүйнөлүк аренага алып чыгууга чоң салым кошкон кыргызстандыктарды сыйлоо максатында «Чыңгыз Айтматов» орденин уюштуруу боюнча мыйзам долбоорун демилгелешүүдө. Бул тууралуу фракциянын катчылыгы билдирди.

Мындан сырткары мыйзам долбоордун авторлору ушул эле сыйлыкка чыгармачылыктагы жетишкендиктери үчүн, адамгерчиликке, тынчтыкка жана адамзаттын руханий өнүгүү идеяларын жайылтууга кошкон салымдары үчүн чет өлкөлүк жарандарды да көрсөтүүнү сунушташты.

Чыңгыз Айтматов орденин уюштуруу, баалуу мурастарды сактап калууда, кыргыз маданиятын жана кыргыз жазуучуларынын чыгармачылыгын дүйнөлүк аренага жайылтууга, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун элесин түбөлүккө калтырууга чоң салымын кошот,- деп белгиледи КСДП парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Пикир

Оставить комментарий