• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кубакы ашуусунда унаа ташты сүзүп, жүргүнчүлөр жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 24.06.20. /Кабар/. Кубакы ашуусунда унаа ташты сүзүп, ичиндеги жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Кочкор районунда 23-июнь күнү саат 11:55 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 173-чакырымында (Кубакы ашуусу) «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып таш сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 5 чоң киши жана 4 жаш бала жеңил жаракат алышкан.

Жерине келген куткаруучулар жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий