• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кулубаев Минскте ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Саясат 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумуна катышты.

КР ТИМден кабарлашкандай, отурум 20-июнда Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өттү.

Жолугушуунун катышуучулары эл аралык жана аймактык кырдаалдын абалы жана анын ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна тийгизген таасири, ошондой эле ЖККУ менен эл аралык уюмдардын жана үчүнчү өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар боюнча пикир алышты.

Министр Кулубаев өз сөзүндө ЖККУнун компетенциясынын бардык аспектилери боюнча аймактык кызматташууну ырааттуу бекемдөө, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарына ыкчам жооп берүүгө жөндөмдүү аскердик-саясий эл аралык уюм катары потенциалды өстүрүү зарыл экендигин белгиледи.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери тарабынан Афганистандагы абал жана космос мейкиндигинде жарыша куралданууну болтурбоо боюнча аракеттерди колдоо деген саясий билдирүүлөр кабыл алынды.

ЖККУнун министрлер кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюлуп, алардын айрымдары Уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталат.

Тараптар ЖККУга мүчө мамлекеттердин өз ара кызыгууну жараткан бардык чөйрөлөрдө мындан аркы өз ара аракеттенүүсүн улантууну макулдашышты.

ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алдында Беларусь Республикасынын президенти, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин төрагасы Александр Лукашенко ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары менен жолугушту.

Беларустун президенти беларус тарап ички жана тышкы туруктуулукка өзгөчө көңүл буруп, эл аралык мамилелер системасында ЖККУнун ролун жана маанисин күчөтүү үчүн бардык чараларды көрөрүн белгиледи.

Министрлер кеңешинин кезектеги отуруму 2023-жылдын 4-кварталында Беларусь Республикасында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий