• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кумтөр" кенинде иш уланууда, каражаттар бар — Бөлтүрүк

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. "Кумтөр" кенинде иш уланууда, алтынды өндүрүү жүрүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйында “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын убактылуу тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк билдирди.

Анын айтымында, бир айга алганда алтынды сатып алууга 21 млн доллар, кызматкерлерге эмгек акы төлөөгө 4 млн доллар, ошондой эле салык төлөөгө да каражат керектелет.

Бөлтүрүк белгилегендей, бул чыгымдарга Кыргызстандын 20 млн доллар өлчөмүндө чогултулган дивиденти каралган.

“Алтын Улуттук банк аркылуу сатылат. Алтын ал банкта сакталат жана Швейцарияга чыгарылбайт”, - дейт ал.

Бөлтүрүк операциялык иштерге 49 млн доллар бар жана 20 млн доллар өлчөмүндө кредит алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий