• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кумтөр" Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүүгө 1,4 млдр сом бөлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.23. /Кабар/. Бул жылы "Кумтөр" кен казуу ишканасы Ысык-Көл жана Нарын облустарын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,4 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары менен болгон республикалык кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

Бул каражаттын ичинен 900 млн сому Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондуна, 500 млн сому Нарын облусуна каралган.

Жапаров белгилегендей, каржылоо март айында башталат. Февраль айынын аягына чейин жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары ишке ашыруу үчүн долбоорлорду тандап алышы керек. Бул каражаттар бир жылдын ичинде берилиши керек.

Пикир

Оставить комментарий