• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курсан Асановдун иши: Прокурор айыпталуучуларга үй камагы түрүндөгү баш коргоо чарасын кароону суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы ички иштер министри Курсан Асановдун иши боюнча соттук отурум болуп өттү.

Прокурор мындан мурда отурумдар өтө турган күндөр сүйлөшүлгөнүн жана айыпталуучуларга карата үй камагына алуу чарасын кайра колдонууну суранды. Анын айтымында,ал шайлоого жана үгүт иштерине каршы эмес, бирок соттун күн тартибин сактоо керек.

"Эгер бузуулар болсо, тиешелүү чара көрүү керек", - деди ал.

Сот тараптарды угуп, өтүнүчтү кароону ачык калтырды. Ал билдиргендей, ал өтүнүч айыпталуучулар сотко келгенде кайра каралат.

Пикир

Оставить комментарий