• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда зордукчуларга жаза күчөтүлдү. Президент мыйзамга кол койду

Президент 0

Бишкек, 23.01.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 7-декабрында кабыл алынган.

Мыйзам жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке болгон укуктарды камсыз кылуу, ошондой эле өмүргө жана ден соолукка кылмыштуу кол салуулардан коргоо максатында кабыл алынган.

Мыйзамдын милдети алдын алуу үчүн жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жабыркагандарга карата кайталанган кол салуулардан сактоо болуп эсептелет.

Кабыл алынган мыйзам менен төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилүүдө:

Оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) кылмыш иштерин тергөөнү тараптардын жарашуусуна байланыштуу токтотпоо боюнча жоболор камтылган. Тараптардын жарашуусуна байланыштуу жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алынып салынды.

Ошол себептен, КР Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, КР Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилди.

Андан тышкары жыныстык кол тийбестик боюнча кылмыштарды алдын алуу максатында, мыйзамдардагы жоопкерчиликтен иш-жүзүндө качууга шарт түзгөн жылчыктарды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөр алып салынды, анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет.

Ошол себептен, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, КР Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий