• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясы: Райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы көмүр сатуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, райондук акимчиликтер көмүр сатуучу жайларды текшерүүнү улантууда.

Белгиленгендей, бул иштер күз-кыш мезгилинде катуу отундун чекене соодасындагы баанын өсүшүнө жол бербөө максатында сатуучулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

"Бул жолу Биринчи май жана Свердлов райондорунун базалары текшерилди: Щербакова көчөсү 121, Кызыл-Кийская көчөсү 170, Махатма Ганди 201 (Азиз базары), Ак-Босого конушундагы Месарош көчөсү, ошондой эле айланма жол. Ошондой эле көмүрдүн кору жетиштүү экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, иш-чаралар КРнын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий