• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ: министрлик жана Украинадагы элчилик ар бир кыргызстандык менен байланышта

Коом 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги менен элчилиги Украинадагы ар бир кыргызстандык менен туруктуу байланышта. Бул тууралуу КР ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Украинанын аймагында өзгөчө кырдаалдын киргизилгендигине байланыштуу, Украинанын аймагынан чыгууну каалаган Кыргызстандын жарандарын үчүнчү мамлекеттер аркылуу эвакуациялоонун алкагында КРнын Тышкы иштер министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 5-мартында КРнын 35 жараны (булардын ичинен 13 жаш балдар, 22 чоң адам) Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкерлеринин коштоосу менен элчилик тарабынан атайын уюштурулган автобуста Львов шаарынан Польшага эвакуацияланды.

2022-жылдын 6-мартындатүркия тарабы менен бекилген келишимге ылайык Молдова - Румыния - Болгария багыты боюнча Украинадан келген 45 адам Түркиянын чек арасынан өттү.

Белгилей кетсек, 5-мартта Болгариянын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмсатынын директору менен байланышып, биздин жарандар үчүн жашыл коридор тууралуу маселе чечилген.

Бүгүн, 7-мартта дагы 25 КР жараны Молдовадан Түркияга автобус менен кетишет, ал жерден бардык жарандар мекенине андан ары баруу үчүн жолдо жүрүү документтерин ала алышат.

"Министрлик жана КРнын Украина, Венгрия, Германия Федеративдүү Республикасындагы, Түркия, Беларустагы элчиликтери, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу жана Польша, Румыния жана Венгриядагы Ардактуу консулдугу тарабынан Украинадан мекендештерибизди үчүнчү мамлекеттердин аймагы аркылуу мекенине кайтып келүүсүнүн коопсуздугун камсыздоо, убактылуу турак-жай жана тамак-аш менен камсыз кылуу, ошондой эле муктаж болгон жарандарды тийиштүү документтер менен камсыздоо иштери улантылууда.

Бүгүнкү күнү алдын ала маалымат боюнча, Украинанын аймагында жүргөн жарандардын өздөрүнөн жана алардын жакындарынан түшкөн чалууларга ылайык, биздин мекендештер дагы эле Украинанын шаарларында калышууда жана алардын дээрлик ар бири менен КРнын ТИМнин Консулдук кызмат департаменти жана элчилик туруктуу байланышта" , - деп айтылат.

Ошону менен бирге активдүү согуштук аракеттер жүрүп жаткан шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарына атайын коргонуучу жайларда болууну сунуштайбыз.

КР ТИМиинин Консулдук кызмат департаментинде жана Украинадагы элчилигинде консулдук-укуктук жана башка консультацияларды берүү үчүн ыкчам байланыш телефондору иштеп жаткандыгын дагы эскертип кетебиз.

Пикир

Оставить комментарий