• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй облустук милициясында Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 07.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2022-жылдын 7-март күнү Чүй облустук милициясында 8-март - Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Иш-чарага Чүй ОИИББнын жетекчилиги, ардагерлери жана өзүк курам катышты. Салтанатта Чүй ОИИББнын башчысы Сапарбек Асаналиев айымдарды 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

“Ардактуу айымдар! Сиздерди Чүй ОИИББнын мырзаларынын жана жеке өзүмдүн атымдан жагымдуу жаз майрамы - 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Ички иштер органдарында кызмат өтөп, көп ийгиликтерди жараткан сыймыктуу айымдар арбын. Сиздер жумушуңуздарды ар дайым жоопкерчилик менен аткарып, Чүй облусунун ички иштер органдарынын жетишкендиктерине чоң салымдарыңыздарды кошуп келесиздер. Ошондой эле жаштыгын бүт ички иштер органдарында кызмат өтөөгө арнаган апаларыбыз, ар дайым бизге кеңештериңиздерди берип келесиздер. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайбыз!” - деди ал.

Майрамдык салтанатта кызматкер айымдарга медалдар, мактоо баракчалар жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар Чүй облусунун бардык ички иштер бөлүмдөрүндө белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий