• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-армян мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-декабрында Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында министр Руслан Казакбаев Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-армян мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча конструктивдүү диалог болуп, өз ара пайдалуу биргелешкен ишмердүүлүктү, анын ичинде көп тараптуу платформаларда кызматташууну мындан ары өнүктүрүү келечеги белгиленди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин 2022-жылдагы өз ара сапарларынын графиги талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин 2022-2024-жылдарга карата кызматташуу программасына кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий