• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-австрия дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнө 25 жылдын жүзү болду

Саясат 0

Бишкек, 25-март /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Австрия Республикасынын Президенти Александр Ван дер Беллен эки өлкө ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу бири-бирине куттуктоо телеграммасын жиберишти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз Республикасы менен Австрия Республикасынын ортосундагы дипломаттык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу чын дилимден куттуктоомду кабыл алыӊыз.

Кыргызстан менен Австрия ортосундагы достук мамилелер андан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана эки элдин жакшылыгы үчүн конструктивдүү диалогдун нугунда өнүгөт деп ишенем», - деп айтылат Президент Алмазбек Атамбаевдин катында.

Мамлекет башчысы саясый диалогдун бийик деӊгээли бардык чөйлөрдө эки өлкө арасындагы өз ара аракеттерди кеӊейтүүгө өбөлгө болот деп ишенет.

Президент Алмазбек Атамбаев Президент Александр Ван дер Белленге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми дос Австрия элине тынчтык менен бакыбаттыкты каалады.

Федералдык Президент Александр Ван дер Беллен өз катында соӊку 25 жылда эки мамлекет арасында абдан жакшы байланыштар түзүлгөнүн белгилеген.

«Бири-бирибизге урмат-сый мамиле өлкөлөрүбүзгө данакер болуп келатат. Көз карандысыздыкты алгандан тарта Сиздин өлкө плюралисттик, демократиялуу коом куруу милдетин алганы Австрияга абдан жаккан. Бул урмат сезим эки тараптуу визиттер аркылуу бекемделүүдө. Менден мурдагы Президент 2013-жылы Сиздин өлкөгө батыштагы алгачкы Мамлекет башчысы катары визит жасаган, ал эми 2015-жылы мартта Сиздин Венага визитиӊиз чоӊ баага татыды. Ошондуктан, саясаттагы да, экономикадагы да, маданий жааттагы да биздин достук байланыштар эки өлкө ортосундагы азыркы жакшы мамилелерди дагы тереӊдетет деп ишенем», - деп айтылган Австрия Президентинин телеграммасында.

Анын сөзү боюнча, Европа Биримдигине мүчө мамлекет катары Австрия үчүн эки өлкө ортосундагы мамилелердин европалык өӊүтү маанилүү роль ойнойт. Буга байланыштуу 2018-жылдын экинчи жарымынан тарта Европа Биримдигинин кеӊешинде төрагалыкты алып жаткан Австрия Кыргызстан менен Европа Биримдигинин арасында күчтүү өнөктүктү жактайт.

«Ошондой эле быйыл Австрия ЕККУда төрагалык кылган мезгилде Кыргызстан тараптан ишенимдүү колдоого үмүт артат. Учурдан пайдаланып, Сизге Президенттик кызматыӊызга андан аркы ийгиликтерди, кыргыз элине бакыбаттыкты каалайм», - деди Австриянын Федералдык Президенти.

Пикир

Оставить комментарий