• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-бангладеш биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. 21-январда бенгалия тараптын демилгеси менен Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдун резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладештин Кыргызстандагы элчиси Джахангир Алам менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчилер кыргыз-бангладеш мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле текстиль өнөр жайы, туризм жана айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар маданият жана билим берүү жаатында, айрыкча эки өлкөнүн боордош шаарларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар аталган багыттар боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.

Ибрагим Жунусов Джахангир Аламды кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады, ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Джахангир Алам Кыргызстан элин КР президентинин шайлоосун жана референдумду ийгиликтүү өткөзүүсү менен куттуктап, ошол эле учурда Бангладеш Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган башка маселелер дагы каралды.

Пикир

Оставить комментарий