• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ИИМ: Бишкекте баңги жасоодо колдонулчу прекурсордун ири партиясы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада өндүрүлүүчү жана күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Бул тууралуу ИИМ БМЖКККнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бул зат өзүнүн кооптуулук туудуруучу сапаттарынан башка да, баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат.

Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишин изилдөөнүн жана тинтүү иш-чараларынын натыйжасында 1976-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын иштеген жеринде «героин» баңги каражатын жасоодо, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө колдонуучу зат табылып алынган.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 520 килограмм күкүрт кислотасы алынды. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Маалымат катары: 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты өндүрүлөт. Бул 750 миң максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде - 1 миллион доллардан ашат.

Пикир

Оставить комментарий