• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Инаугурация учурунда 2,5 миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Эртең, 28-январда жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурация аземи учурунда 2500 ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигини басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең ИИМдин тиешелүү кызмат бөлүктөрү жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштешет.

Бишкек шаарындагы Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбейт. Негизги трассадагы жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле кыймылда болот.

Ал эми атайын кортеж өтүп бараткан убакта кана бир нече секундга гана кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот, кыймылда бараткан автоунаалар жолдун четине бир нече секунддарга гана токтойт.

Жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу ИИМдин Жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлөт.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдордун боюнда калтырып кетпөөңүздөрдү жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

КР ИИМ өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу коомдук тартипти сактоого багытталган уюштуруу иш-чараларынын жүрүшүн Бишкек шаарынын тургундары менен меймандарын түшүнүү менен кабыл алууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий